Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫЛАР МИНИСТРЛИГИНИН ФИНАНСЫЛАР АКАДЕМИЯСЫ СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы 2026-2027-окуу жылына төмөнкү багыттар боюнча окуу курстарын өткөрүү үчүн окутуучуларды тандоо боюнча сынак жарыялайт:
1. Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу – 30 адам;
2. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистештирилген курстар – 10 адам;
3. Эл аралык сатып алууларды башкаруу – 8 адам;
4. Мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жана уставдык капиталында 50 жана андан көп пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун сатып алууларын башкаруу – 5 адам;
5. Ички аудитордун квалификациялык экзаменинин программасы боюнча окутуу курсу – 5 адам;
6. Мамлекеттик сектордо бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук – 6 адам;
7. Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп – 15 адам;
8. Мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду башкаруу – 5 адам;
9. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун башкаруу – 5 окутуучу;
10. Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу – 5 адам;
11. Программалык бюджеттөө – 5 адам;
12. Стимулдук гранттар – 4 адам;
13. Мамлекеттик каржыны башкаруунун негиздери – 8 адам;
14. Салык төлөөчүнүн "Кабинет" АИС – 5 адам.
Окутуучуларга коюлуучу талаптар:
а) жогорку билимге ээ болуу;
б) окуу курсунун тиешелүү багыты боюнча кесиптик тажрыйбасы кеминде 2 жыл;
в) окутуучулук иш тажрыйбасы кеминде 3 жыл;
г) кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөө;
д) окуу курстарын өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймактарына командировкага чыгуу мүмкүнчүлүгү.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясынын директорунун атына арыз;
2. Паспорттун көчүрмөсү;
3. Резюме (автобиография);
4. Билими жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү;
5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
6. Жарыяланган эмгектердин, илимий макалалардын тизмеси.
7. Кесиптик квалификацияны жогорулатканын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
8. Патенттин көчүрмөсү (бар болсо).
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар сынакка катышууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн документтерди А4 форматтагы мөөр басылган конвертке салып, төмөнкү дарекке жөнөтүү керек: «КР Финансы министрлигинин Академиясынын Сынак комиссиясына», жарыяланган күндөн тартып 25 (жыйырма беш) күндүн ичинде, жана каттоону төмөнкү дарек боюнча өтүү керек:
720040, Бишкек ш., Эркиндик пр., 58а,
КР Финансы министрлигинин Академиясы,6-кабат, 604.
Маалымат алуу үчүн телефон:
0555 22 29 58 (Жаркын);
0772 21 42 81 (Гүлзада).