Menu

Финансы министринин биринчи орун басары Талас Айдарбек уулу Король Абдулланын гуманитардык жардам фондунун делегациясы менен жолугушту

Финансы министринин биринчи орун басары Талас Айдарбек уулу Король Абдулланын гуманитардык жардам фондунун делегациясы менен жолугушту

КРФМ

2026-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары Талас Айдарбек уулу Король Абдулланын гуманитардык жардам фондунун (KAHF) Башкы аткаруучу директору доктор Абдулазиз бин Фахад Аль-Анкари жетектеген делегация менен жолугушту.

Жолугушууда Король Абдулланын гуманитардык жардам фонду тарабынан каржыланып жаткан мобилдик көп тармактуу медициналык клиника долбоорунун жыйынтыктары, анын туруктуу иштешин камсыз кылуу жана 2026-жылдын ноябрь айында мобилдик медициналык комплекстерди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү маселелери талкууланды.

Талас Айдарбек уулу Король Абдулланын гуманитардык жардам фондуна жана Ислам өнүктүрүү банкына саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргыз Республикасы Ислам өнүктүрүү банкы менен узак жылдардан бери ийгиликтүү кызматташып келе жатканын белгилеп, 36 социалдык-экономикалык долбоор ишке ашырылып жатканын айтты. Алардын ичинен 23 долбоор аяктап, 8 долбоор ишке ашырылууда, дагы 5 жаңы долбоор даярдалууда.

Жолугушуунун соңунда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоорлорду улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
3174

Окшош жаңылыктар