Menu

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ 2025-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ЖАНА 2026-ЖЫЛГА ПЛАНДАР ТАЛКУУЛАНДЫ

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ 2025-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ЖАНА 2026-ЖЫЛГА ПЛАНДАР ТАЛКУУЛАНДЫ

КРФМ

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Коллегия болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.Касымалиев катышты.

 Жыйналыштын жүрүшүндө А. Касымалиев Финансы министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жогорку баа берип, жетишкендиктер системалуу башкаруунун жана туура жүргүзүлгөн саясаттын жыйынтыгы экенин белгиледи.
Финансы министри А. Бакетаев 2025-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы, экономикалык өсүш жана финансы секторунун туруктуулугу тууралуу маалымат берип, 2026-жылга карата негизги максаттарды белгиледи. Ошондой эле, министрдин орун басарлары финансылык башкаруу жана инвестициялык саясат боюнча өз багыттарындагы жыйынтыктарды жана пландарын баяндашты.

Коллегиянын жыйынтыгында белгиленгендей, өткөн жылдагы жетишкендиктер бюджетти башкаруунун системалуу жана санариптештирилген иши аркылуу мүмкүн болгон. Жаңы жылдын пландары мамлекеттик финансыларды туруктуу өнүктүрүүгө, социалдык жана экономикалык приоритеттерди колдоого, ошондой эле бюджеттик ресурстарды эффективдүү колдонууга багытталган.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар белгиленген максаттарга жетүү үчүн биргелешип аракет кылууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1333

Окшош жаңылыктар