Menu

Кыргыз Республикасынын Финансы министри Ислам өнүктүрүү банкынын президенти менен жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Финансы министри Ислам өнүктүрүү банкынын президенти менен жолугушуу өткөрдү

КРФМ

Ислам өнүктүрүү банкы тобунун Баку шаарында өткөн жылдык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти доктор Мухаммед Сулайман Аль-Жассир менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын энергетика, транспорттук инфраструктура, саламаттык сактоо жана турак жай курулушу тармактарындагы артыкчылыктуу долбоорлорун ишке ашыруу жана каржылоо келечегин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу, Бишкек - Торугарт унаа жолунун Кант - Токмок - Чым-Коргон тилкесин реконструкциялоо, Нарын облустук ооруканасынын жаңы корпусун куруу долбоорлоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселелерине бурулду.

Финансы министри Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык финансылык институттар менен колдонулуп жаткан механизмдерге окшош алкактык кызматташуу механизмин киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Министрдин айтымында, мындай инструмент долбоорлорду макулдашуу жана ратификациялоо жол-жоболорун тездетүүгө, ошондой эле аларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Өз кезегинде Ислам өнүктүрүү банкынын президенти сунушталган механизмге кызыгуусун билдирип, аны Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын 2028–2030-жылдарга карата жаңы Кызматташтык стратегиясын даярдоодо кароонун максатка ылайыктуу экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1771

Окшош жаңылыктар