Тренддер
Финансы министри Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун Шайлоочулар тобунун жыйынында баяндама жасады
КРФМ
Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Шайлоочулар тобунун жыйынына катышып, анда Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык өнүгүү, регионалдык кызматташтык жана эл аралык финансы институттары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча позициясын сунуштады.
Өз сөзүндө министр Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өсүшү, бюджеттик туруктуулуктун чыңдалышы жана макроэкономикалык туруктуулукту сактоого, инфляциялык басымды чектөөгө багытталган жоопкерчиликтүү фискалдык саясат жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Өзгөчө көңүл региондук инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга, CASA-1000 долбооруна жана эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө бурулду. Бул демилгелер региондук интеграцияны чыңдоого, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга жана Борбор Азиядагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Ошондой эле, Руслан Суйналиев Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун регион өлкөлөрүн колдоодогу маанилүү ролун белгилеп, мамлекеттик финансыны башкаруу, институттук потенциалды жогорулатуу жана экономикалардын тышкы чакырыктарга туруктуулугун чыңдоо багыттарында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.
Сөзүнүн жыйынтыгында министр жалпы максаттарды ишке ашырууга жана региондун туруктуу өнүгүүсү үчүн кызматташууну мындан ары чыңдоого өз салымын кошуп, ишенимдүү, жоопкерчиликтүү жана демилгелүү өнөктөш бойдон калууга даяр экенин ырастады.
7 сүрөттөр
0.00MB