Тренддер
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту
КРФМ
2026-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, Швейцария Өкмөтүнүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, макроэкономикалык колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана техникалык жардам көрсөтүү программаларын ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын шайлоо округдарынын алдыдагы жолугушуусуна даярдык көрүү, ошондой эле Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия үчүн Потенциалды өнүктүрүү боюнча регионалдык борбор аркылуу кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан реформаларды көп жылдардан бери колдоп келе жаткандыгы үчүн Швейцария Өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, ишке ашырылып жаткан программалар мамлекеттик финансыны чыңдоого, бюджеттик башкарууну өркүндөтүүгө жана экономикалык институттарды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого, практикалык кызматташууну кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
3 сүрөттөр
0.00MB