Menu

2026-жылдын 1-сентябрынан тартып бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө

2026-жылдын 1-сентябрынан тартып бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмаларына ылайык бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну караган ченемдик укуктук актылардын топтомун иштеп чыгуу, кошумча каржылоо булактарын аныктоо жана республикалык бюджеттен каражатка болгон керектөөнү эсептөө боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдына милдеттер коюлган.

Бул милдеттерди ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү финансылык-экономикалык эсептөөлөрү менен 17 ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыкты.

Алар:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 8 долбоору;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемесинин 2 долбоору;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 7 долбоору.

Бүгүнкү күнгө карата жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлордун бардыгы тиешелүү макулдашуулардан өтүп, кабыл алынды. Кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруунун натыйжасында 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып республика боюнча бюджеттик чөйрөнүн 46 миңден ашык кызматкеринин эмгек акысын жогорулатуу камсыздалат.

Эмгек акынын жогорулатылышы төмөнкү категориядагы кызматкерлерге жайылтылат:

• мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар;

• мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер;

• мамлекеттик сектордун техникалык жана кенже тейлөөчү персоналы;

• күч түзүмдөрүнүн мамлекеттик органдарынын эркин жалданган жарандык персоналы.

Эмгек акы төлөө түзүмү өзгөрөт

Биринчи кезекте, мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилгени көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иш режими үчүн кызматтык маянага карата үстөк акынын өлчөмү 50 пайызга чейин жогорулатылат. Буга чейин тиешелүү үстөк акылардын өлчөмү 25 жана 10 пайызга чейин түзгөн.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги персоналы үчүн 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленет.

Министрликтердин жана ведомстволордун борбордук аппараттарынын мамлекеттик кызматчылары үчүн эмгек акыны жогорулатуу кызматтык маяналарды аныктоодо колдонулуучу эселөө коэффициенттерин жогорулатуу жолу менен камсыз кылынат.

Мамлекеттик аппараттын кенже тейлөөчү персоналы үчүн эселөө коэффициенттерди жогорулатуу, ал эми техникалык персонал үчүн 50 пайызга чейин кошумча үстөк акы белгилөө каралган.

Эмгек акы кандай өзгөрөт

Жалпысынан мамлекеттик аппарат боюнча орточо эмгек акы болжол менен 35,4 миң сомдон 51,0 миң сомго чейин жогорулайт.

Мында кызматкерлердин айрым категориялары боюнча өсүү темпи айырмаланат.

Орточо эмгек акы:

• мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысы орточо эсеп менен 41%га;

• муниципалдык кызматчылардын эмгек акысы орточо эсеп менен 47%га;

• мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлердин эмгек акысы орточо эсеп менен 45%га;

• контракт боюнча иштеген кызматкерлердин эмгек акысы орточо эсеп менен 21%га;

• техникалык персоналдын эмгек акысы орточо эсеп менен 58%га;

• кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы орточо эсеп менен 75%га жогорулайт.

Ошентип, колдонулуп жаткан ыкма эмгек акысынын деңгээли салыштырмалуу төмөн болгон категориялар боюнча эмгек акыны кыйла жогорулатууну карайт. Бул кызматкерлердин кирешелерин жогорулатуу жана эмгек акынын деңгээлиндеги айырмачылыкты азайтуу милдеттерин бир мезгилде чечүүгө мүмкүндүк берет.

Мисалы, кенже тейлөөчү персоналдын кызматкерлери үчүн 5 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм жана кызматтык маянаны 50 пайызга чейин жогорулатуу каралган, ал эми техникалык персоналдын тиешелүү категориялары үчүн президенттик компенсациялык төлөмдөн тышкары, иштин татаалдыгына жана натыйжаларына жараша кызматтык маянанын 50 пайызына чейин үстөк акы белгиленет.

Натыйжада, техникалык тейлөөчү персоналдын айрым категорияларынын кызмат ордуна жана иштеген жерине жараша жогорулатуудан кийинки эсептик орточо айлык эмгек акысы болжол менен 29 миң сомдон 57 миң сомго чейин түзөт.

Финансылык камсыздоо

Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу үчүн 2026-жылы республикалык бюджеттен болжол менен 3,6 млрд сом өлчөмүндө кошумча каржылоо каралган, ал эми каржылоого болгон жылдык керектөө 10,0 млрд сомду түзөт.

Бул мамлекеттик ресурстардын олуттуу көлөмү болуп саналат жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуунун мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин көрсөтөт.

Бул кызматкерлер жана коом үчүн эмнени билдирет

Эмгек акыны жогорулатуу бюджеттик чөйрөдөгү эмгек акы төлөө системасын комплекстүү реформалоонун бир бөлүгү болуп саналат. Бул бюджеттик чөйрөнүн жагымдуулугун жогорулатууга, квалификациялуу кадрларды кармап калууга, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана натыйжада мамлекеттик жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга шарт түзөт.

Ошондой эле бул чара эмгек акынын өлчөмү төмөнкү факторлорго көбүрөөк көз каранды болгон кыйла заманбап жана адилеттүү эмгек акы төлөө системасына акырындык менен өтүүгө мүмкүндүк берет:

• кесиптик квалификациянын деңгээлине;

• иштин татаалдыгына жана жоопкерчилигине;

• иштин сапатына жана натыйжаларына;

• кесиптик демилгеге;

• эмгек шарттарына жана иш режимине;

• ээлеген кызмат ордунун деңгээлине.

Кабыл алынган чаралар бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин жашоо деңгээлин жогорулатуу жана калкты социалдык жактан коргоо системасын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы ырааттуу кадам болуп саналат.

Жалпы жыйынтык

Натыйжада бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынын орточо деңгээли кыйла жогорулайт.

Мамлекеттик аппараттын бюджеттик чөйрөсүндөгү кызматкерлердин негизги категорияларын камтыган штаттык саны боюнча эсептөөлөргө ылайык, эмгек акыны жогорулатуу 46 миңден ашык штаттык бирдикке таасирин тийгизет.

Мында жүргүзүлүп жаткан чаралар дифференцияланган ыкманы карайт. Эмгек акыны жогорулатуунун өлчөмү төмөнкү негизги факторлорго:

– кызматкердин категориясына, кызмат ордунун деңгээлине, ошондой эле аткарылып жаткан иштин татаалдыгына жана жоопкерчилигине;

– бийик тоолуу жана алыскы, барууга кыйын болгон аймактарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк акыларга;

– эмгек стажына жана иштин жашыруун мүнөзүнө;

– илимий даражага жана ээлеген кызмат ордунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен башка төлөмдөргө жараша болот.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1919

Окшош жаңылыктар