Menu

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2027-ЖЫЛГа ЖАНА 2028–2029-ЖЫЛДАРДЫН ПЛАНДЫК МЕЗГИЛИне республикалык бюджети ЖӨНҮНДӨ”КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК БЮДЖЕТТИК УГУУЛАР

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2027-ЖЫЛГа ЖАНА 2028–2029-ЖЫЛДАРДЫН ПЛАНДЫК МЕЗГИЛИне республикалык бюджети ЖӨНҮНДӨ”КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК БЮДЖЕТТИК УГУУЛАР

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71 жана 127-беренелерине ылайык республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштурат жана өткөрөт.

Коомдук бюджеттик угуулар - бул коомдук пикирди изилдөө, сунуштарды жана сунуштамаларды алуу, ошондой эле калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу максатында аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин түзүү жана аткаруу маселелерин ачык талкуулоо формасындагы иш-чара.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 
2026-жылдын 16-сентябрында саат 10:30да Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чоң залында өтө турган “Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларга катышууга чакырат.

Суроолор боюнча төмөнкү жооптуу кызматкерлерге кайрылсаңыздар болот:

Дайырбек Амантур, 62-53-13 (+1122); +996 221 815 595; a.daiyrbek@minfin.kg

Амангелди кызы Хан-Айым, 62-53-13 (+1122); +996 709 787 795; h.amangeldi@minfin.kg

Султанбеков Адилет, 62-53-13 (+1132); +996 997 888 890; a.sultanbekov@minfin.kg

Эркинбекова Айдай, 62-53-13 (+1124); +996 506 159 510; a.erkinbekova@minfin.kg

Катышуу үчүн төмөнкү форма боюнча өтүнмөнүтолтурууңуздарды өтүнөбүз:

https://forms.gle/3qzpcbXC77XkziMm7

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2208

Окшош жаңылыктар