“Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуулар
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71 жана 127-беренелерине ылайык жыл сайын “Кыргыз Республикасынын кезектеги финансылык жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун түзүүнүн алкагында коомдук бюджеттик угууларды өткөрөт.
Коомдук бюджеттик угуулар бюджеттик процесстин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуунун маанилүү механизми, ошондой эле мамлекеттик органдардын жарандык коомдун, эксперттик коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен түз диалог жүргүзүүсү үчүн аянтча болуп саналат.
2026-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде “Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуулар болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары Талас Айдарбек уулу республикалык бюджеттин долбоору мамлекеттик жана бюджеттик саясаттын негизги артыкчылыктарын чагылдырарын, ал эми коомдук угууларды өткөрүү бюджеттик чечимдерди кабыл алууда жарандык коомдун сунуштарын эске алууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Ошондой эле ал ачык диалогдун жана угуулардын катышуучулары көтөргөн социалдык жактан маанилүү маселелерди практикалык жактан карап чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Талкуунун жүрүшүндө саламаттык сактоону каржылоо, дары-дармек менен камсыздоо, оорулардын алдын алуу жана эрте диагностикалоо, онкологиялык жардам көрсөтүү, майыптыгы бар балдарды колдоо, реабилитациялоо жана социалдык чөйрөнүн башка маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Коомдук бюджеттик угуулардын жыйынтыгы боюнча бир катар сунуштар иш жүзүндө чечилди. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы жыйынынын жыйынтыгы боюнча 2027-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда оорулардын алдын алууга жана эрте диагностикалоого, ошондой эле дары-дармек каражаттарын жана онкологиялык препараттарды сатып алууга кошумча 1 000,0 млн сом каралды.
Коомдук бюджеттик угуулардын катышуучулары көтөргөн башка маселелер боюнча да чаралар кабыл алынып, кошумча чаралар иштелип чыгууда.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги келип түшкөн сунуштарды андан ары ишке ашыруу жана карап чыгуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргелешкен ишти улантат.
Тиркелген файлдар