Menu

2027–2031-ЖЫЛДАРГА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИСКАЛДЫК САЯСАТЫНЫН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

2027–2031-ЖЫЛДАРГА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИСКАЛДЫК САЯСАТЫНЫН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык 2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши 2027–2031-жылдаргаКыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун жактырды.

Фискалдык саясаттын негизги багыттары фискалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган чаралардын комплексин камтыйт. Документте мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндө реформаларды жүргүзүү, ошондой эле бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу каралган.

Белгилей кетсек, 2027–2031-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарында энергетика, транспорт, ирригация жана айыл чарба сыяктуу негизги тармактарда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну кошо алганда, экономиканы өнүктүрүүгө багытталган чыгымдар каралган.

2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары орто мөөнөттүү макроэкономикалык болжолду жана орто мөөнөттүү бюджеттик негизди, анын ичинде 2027–2029-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун түзүү үчүн бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү боюнча контролдук көрсөткүчтөрдү камтыйт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2684

Окшош жаңылыктар