Menu

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, 21-сентябрда, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йорк шаарындагы StoneX Group кеңсесине барып, корпорациянын жетекчилиги менен жолугушту.

КРФМ

Маалымат үчүн: StoneX Group — корпоративдик, институционалдык жана мамлекеттик кардарларга эл аралык финансылык жана товардык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган ири америкалык финансылык топ. Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан компания кеңири эл аралык тармак аркылуу иш алып барат, ал эми анын акциялары NASDAQ биржасында котировкалоодон өтөт.

Кеңсеге баруу учурунда Мамлекет башчысы StoneX Group компаниясынын ишмердигинин негизги багыттары, анын эл аралык финансылык инфраструктурасы жана дүйнөлүк финансылык жана товардык рыноктордогу иш тажрыйбасы, ошондой эле корпоративдик, институционалдык жана мамлекеттик кардарларды тейлөө жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Андан соң Президент компаниянын аткаруучу директору Филип Смит баштаган StoneX Group делегациясы менен жолугушту.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1611

Окшош жаңылыктар