Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, 21-сентябрда, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йорк шаарында «Ситибанк» банкынын башкаруучу директору Стефани фон Фридбург менен жолугушту.
КРФМ
Маалымат үчүн: «Ситибанк» корпоративдик кардарларга, финансылык уюмдарга жана мамлекеттик түзүмдөргө кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин сунуштаган алдыңкы эл аралык финансылык институттардын бири. Банк 180ден ашуун өлкөдө жана юрисдикцияда өкүлчүлүгү бар Citigroup финансылык тобунун курамына кирет.
Жолугушуунун алкагында финансылык жана банктык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, анын ичинде эл аралык эсептешүүлөр, инвестициялык өз ара аракеттенүү жана кыргыз банктарына эл аралык финансылык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери каралды.
9 сүрөттөр
0.00MB