Menu

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА 900 МВТ КУБАТТУУЛУКТАГЫ КҮН ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫН КУРУУ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА 900 МВТ КУБАТТУУЛУКТАГЫ КҮН ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫН КУРУУ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

КРФМ

2026-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин имаратында Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаевдин төрагалыгында «Xiamen C&D Emerging Energy Co., Ltd.» компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү.

Талкууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.Ибраев катышып, бул долбоордун эки ведомство деңгээлиндеги маанисин баса белгиледи.

Жолугушууда Баткен облусунун Лейлек районунунаймагында кубаттуулугу 900 МВт болгон күн электростанциясын куруу боюнча инвестициялык сунуш каралды. Жолугушууга катышкандар долбоордун финансылык жана экономикалык көрсөткүчтөрүн, кызматташтыктын мүмкүн болгон моделдерин жана алдын ала ишке ашыруу мөөнөттөрүн талдап чыгышты. Ошондой эле долбоорду натыйжалуу жылдыруу үчүн кошумча көңүл бурууну талап кылган айрым маселелер да белгиленип өттү.

Кеңешменин жыйынтыгында тараптар долбоорду мындан ары биргелешип иштеп чыгуу жана аны илгерилетүү үчүн кийинки кадамдарды аныктоо боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1552

Окшош жаңылыктар