Тренддер
2025-ЖЫЛЫ “ДЕМ БЕРҮҮЧҮ ГРАНТТАР” ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА 466 ДОЛБООРГО 1,145 МЛРД СОМ КАРЖЫЛАНДЫ
КРФМ
2025-жылы республикалык бюджеттен “Дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча жалпы суммасы 1 145,0 млн сомду түзгөн 466 долбоор каржыланган, бул такталган пландын 95,4 пайызын түзөт.
- Баткен облусу - 43 объектке 120,4 млн сом;
- Жалал-Абад облусу - 110 объектке 271,0 млн сом;
- Нарын облусу - 54 объектке 128,5 млн сом;
- Ысык-Көл облусу – 48 объектке 134,5 млн сом;
- Талас облусу - 37 объектке 84,1 млн сом;
- Ош облусу – 95 объектке 233,6 млн сом;
- Чүй облусу - 79 объектке 172,9 млн сом;
Анын ичинде тармактар боюнча:
- 153 мектепке – 327,4 млн сом;
- 73 бала бакчага – 151,8 млн сом;
- 47 маданий маанидеги объектке – 100,7 млн сом;
- 21 спорттук курулушка – 54,3 млн сом;
- 11 саламаттык сактоо мекемесине – 21,8 млн сом;
- 161 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектине – 489,0 млн сом