Menu

Бишкекте экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү жылытуу системаларын колдонуу маселеси талкууланды

Бишкекте экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү жылытуу системаларын колдонуу маселеси талкууланды

КРФМ

Бишкек шаарында экологиялык жактан таза жана энергияны үнөмдөөчү жылытуу системаларын колдонуу маселелери боюнча маалыматтык жолугушуу болуп өттү. Иш-чара Биринчи Май районундагы №108 орто мектебинде «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында өткөрүлүп, ага 130дан ашуун адам катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга экологиялык таза жылытуу системаларын сатып алууга жана орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүүнүн шарттары, насыя алуучуларга коюлган талаптар, насыя алуу тартиби жана насыя каражаттарын пайдалануунун багыттары тууралуу маалымат берилди.

Жарандардын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу ОУКЛнын сатып алуулар боюнча координатору Данияр Мукашев жана долбоордун социалдык жана экологиялык маселелер боюнча координатору Таалай Асылбеков жооп беришти.

Жылуулук насосторун жеткирүүчү компаниянын өкүлү Тынарбек Арзыкулов жабдуунун баасы жана артыкчылыктары, иштөө принциби, орнотуу жана тейлөө өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. Ошондой эле электр энергиясын берүү чектелген шарттарда жылуулук насосторун колдонуу маселеси өзүнчө каралды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жылуулук насосторун орнотуп, үйлөрүн жылытуу үчүн колдонуп жаткан үй-бүлөлөрдүн тажрыйбасы тууралуу видеоматериалдар да көрсөтүлдү.

Катышуучулар экологиялык таза жылытуу системаларына өтүү мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгуу билдиришти. Жарандарды жеңилдетилген насыя алуу, жабдууларды орнотуу жана пайдалануу боюнча практикалык маселелер, ошондой эле жылуулук насосторун колдонуп жаткан үй-бүлөлөрдүн тажрыйбасы кызыктырды.

Маалымат үчүн

«Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Долбоордун алкагында 1 млн сомго чейин, 5 жылга чейинки мөөнөткө, жылдык 6% үстөк чен менен жеңилдетилген насыя берилет.

Насыя каражаттарын жылуулук насосторун, генераторлорду жана экологиялык таза энергия булактарынын негизинде иштеген башка жабдууларды сатып алууга жана орнотууга, ошондой эле тиешелүү кошумча чыгымдарды жабууга багыттоого болот.

Насыяны долбоордун өнөктөш банктарынан алууга мүмкүн:

* «Элдик Банк» ААК;
* «Айыл Банк» ААК;
* «Бакай Банк» ААК.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1578

Окшош жаңылыктар