Баалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар-жолугушуу өткөрүлдү
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде коррупцияга каршы күрөшүү, коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана мамлекеттик кызматта этикалык нормаларды сактоо маселелерине арналган жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Башкы башкармалыгынын коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн демилгеси менен уюштурулуп, ага Департаменттин жалпы эмгек жамааты катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Департаменттин ишмердигинин негизги багыттары, анын ичинде атайын каттоо, уруксат берүүчү жана башка административдик жол-жоболор, мамлекеттик көзөмөл, кадрдык иштер жана мамлекеттик сатып алуулар процесстериндеги мүмкүн болуучу коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле Башкы прокуратуранын өкүлү катышуучуларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы №537 «Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө мамлекеттик кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар тарабынан билдирүү тартибин бекитүү тууралуу» жаңы кабыл алынган токтому менен тааныштырып, анын талаптарын так сактоону эскертти.
Бул токтом коррупциялык сунуштардан дароо баш тартып, ал тууралуу 24 сааттын ичинде жетекчиликке, прокуратура же укук коргоо органдарына милдеттүү түрдө билдирүү тартибин бекитет. Аталган эрежелер коррупциянын алдын алууга, маалымат берген кызматкерлердин купуялуулугун жана коопсуздугун мамлекеттик деңгээлде коргоого багытталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу, мыйзам талаптарын так аткаруу, мамлекеттик кызматкерлердин укуктук жана антикоррупциялык маданиятын жогорулатуу боюнча бир катар сунуштар берилди.
Департаменттин жетекчилиги жана жамааты коррупциянын алдын алуу жана мамлекеттик кызматтын ачык-айкындыгын камсыз кылуу багытындагы иштерди мындан ары да жигердүү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
#ТазаКыргызстан, #МенПараБербейм, #МенПараАлбайм
5 сүрөттөр
0.00MB