Финансы министрлигинде Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү
КРФМ
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө» Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2026-жылдын 24-мартындагы № 51-Б буйругу менен бекитилген мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын алкагында уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары Талас Айдарбек уулу, министрдин орун басары Улугбек Календеров, министрдин орун басары Эрнст Калдыбаев ошондой эле, министрликтин жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө министрдин орун басары Улугбек Календеров «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун негизги багыттары боюнча маалымат берди.
Ошондой эле министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн арасында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» темасында видеороликтердин конкурсу өткөрүлүп, анда кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты, тили жана маданияты кеңири чагылдырылды. Конкурстун жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Илимий-техникалык кеңеши тарабынан чыгарылды.
Конкурстун негизги максаты - мамлекеттик тилдин коомдогу жана мамлекеттик башкаруу системасындагы ордун бекемдөө, кызматкерлердин мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун арттыруу, кыргыз тилин чыгармачылык менен жайылтуу жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо.
Мындан тышкары, министрликте иш кагаздарын мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүүгө жана кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары менен сыйланышты.
Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик тил жана лингвистикалык экспертиза бөлүмү тарабынан министрликте мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча отчет берилди.
Иш-чара мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатууга, аны колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө жана улуттук баалуулуктарды жайылтууга багытталды.
11 сүрөттөр
0.00MB