Menu

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ НУРБЕК АКЖОЛОВ ШАРЛОТТ АДРИАН МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ НУРБЕК АКЖОЛОВ ШАРЛОТТ АДРИАН МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов менен Европа Комиссиясынын Эл аралык өнөктөштүк боюнча Башкы директоратындагы С1 «Борбор Азия жана Афганистан» бөлүмүнүн жетекчиси Шарлотт Адриан айым жолугушту.

Финансы министринин орун басары жолугушуунун башында Шарлотт Адриан айымдын жана Европа Биримдигинин делегациясынын Кыргызстанга келгенин жогору баалап, анын иш сапары эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Нурбек Акжолов билим берүү, суу чарба жана санариптештирүү тармактарындагы реформаларды колдогондугу үчүн Европа Биримдигине ыраазычылык билдирди. Ал кыргыз тарап колдонулуп жаткан программалар боюнча милдеттенмелерди ырааттуу аткарып жатканын жана санариптештирүү жаатындагы жаңы финансылык макулдашуу боюнча жол-жоболор аяктап жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Шарлотт Адриан айым Европа Биримдигинин мындан аркы кызматташууга даяр экенин билдирди: «Европа Биримдиги Кыргызстандагы реформалардын жүрүшүн жогору баалайт. Биз санариптештирүү боюнча жаңы финансылык макулдашууну кол коюуга даярбыз жана өлкөнүн мамлекеттик системаларын модернизациялоого колдоону улантабыз»,- деди ал.

Жолугушунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу жүзөгө ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин тастыкташты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2309

Окшош жаңылыктар