Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ НУРБЕК АКЖОЛОВ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН БИРГЕЛЕШКЕН ДОЛБООРЛОРДУН АТКАРЫЛЫШЫ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ
КРФМ
Жолугушууда өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө багытталган демилгелердин учурдагы абалы талкууланды. Негизги темалардын катарында «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» жана «Микро-, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү» долбоорлору болду.
Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов абанын сапатын жакшыртууга багытталган иштердин маанисин баса белгилеп, төмөнкүлөрдү деди:
«Абанын сапатын жакшыртуу долбоорун илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде таза жылытуу технологияларын киргизүү үчүн кредиттик линияны ишке киргизүү, коммерциялык банктар менен кызматташуу жана калкты маалыматтандыруу боюнча чаралар каралды»,- деди Финансы министринин орун басары.
Ошондой эле министрликтин өкүлдөрү долбоордун жүрүшү жана 2026-жылга карата пландаштырылган каржылоо көлөмдөрү тууралуу маалымат беришти.
Микро-, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү долбоору боюнча талкууда ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана заманбап каржылык инструменттерди колдонуу маселелери көтөрүлдү.
Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү бул долбоорлор калктын жашоо сапатын жакшыртууда, экологиялык туруктуулукту бекемдөөдө жана ишкердикти өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын белгилешип, Финансы министрлиги менен мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда тараптар өнөктөштүктү чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууну улантууга өз ара кызыкдар экенин баса белгилешти.
2 сүрөттөр
0.00MB